Жаңы логистикалык коридорлор

Жаңы логистикалык коридорлор

Логистикалык чынжырлардын үзгүлтүккө учурашына жол бербөө жана жүктөрдү ташуу коопсуздугун камсыз кылуу. Жүк ташуучулар эл аралык көргөзмөдө жолугуп, транспорт коридорлорунун мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. Жаңы каттамдар баасы, ылдамдыгы жана коопсуздугу жагынан ташуучуларды жана жүк алуучуларды канааттандырышы керек. Экинчиден, санкцияларга дуушар болбошу шарт. Казакстандын транзиттик жана экспорттук товарлары азыр Транскаспий эл аралык транспорттук каттамына өтүп жатат. Жаңы чет элдик өнөктөштөр менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө.

Тимур Карабаев, Казакстандын Темир жол транспорту менен инфраструктура оператор-компаниясы Башкармалыгынын Төрагасы:

– Кырдаал татаал. Азыр соода жолдорун туура түзүүнү эч ким билбейт. Кандай аракеттер сакцияга алып келери белгисиз. Казакстандын бизнес активдери оптималдуу пайдаланылса, туура система түзүүгө мүмкүнчүлүк бар. Бул жүктөө терминалдарына, жүк ташуучу унааларга жана локомотивдерге тиешелүү.

Джулия Шабанова, жүк жеткирүү компаниясынын мүдүрү:

– Мындай коридорлордун бири Транскаспий эл аралык транспорттук каттамы. Аны Казакстан темир жолу куруп, толук пайдаланууга убакыт келди. Курык портунан Каспий деңизи аркылуу Европага же Батуми аркылуу Баку-Тбилиси-Карска өтөт. Стамбулга же Мерсинге жеткирсе болот. Биз азыр ушундай коридорлорду ишке ашырып жатабыз.

Казакстан, Азербайжан, Грузия жана Түркия биргелешкен транспорттук-логистикалык компания түзүүнү макулдашты. Жүк ташууну көбөйтүү үчүн Актау эркин экономикалык аймагында контейнердик хаб түзүү көздөлүүдө.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков