Азык-түлүк өндүрүшү тармагындагы инвестиция 20 миллиард теңгени түзөт

Азык-түлүк өндүрүшү тармагындагы инвестиция 20 миллиард теңгени түзөт

2022-жылдын алгачкы эки айында тамак-аш өнөр жайындагы негизги капиталга салынган инвестиция 20 миллиардка жакын  теңгени  түздү. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 4%га көп, деп билдирет finprom.kz порталы. Тармакка инвестициянын 87% жакыны үч аймактан келген. Алардын ичинен Чыгыш Казакстан облусу 9,5 миллиард теңге менен биринчи орунга чыкты. Алдыңкы үчтүккө ошондой эле 5 миллиарддан бир аз ашык Акмола облусу жана 2,5 миллиарддан ашык теңге менен Алматы облусу кирди. Тармакка салынган инвестициянын көбү банк насыялары менен камсыздалган. Алардын жарымына жакыны ишканалардын өздүк каражаттары жана банктык эмес насыялар.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков