Азык-түлүктүн кымбаттоосуна байланыштуу соода министрлиги түшүндүрмө берди

Азык-түлүктүн кымбаттоосуна байланыштуу соода министрлиги түшүндүрмө берди

Чийки заттын, күйүүчү майдын жана логистиканын кымбатташы Казакстанда азык-түлүктүн баасынын өсүшүнө алып келди. Бул тууралуу Борбордук коммуникациялар кызматында өткөн брифингде Соода жана интеграция министрлигинин басма сөз катчысы Айдар Абилдабеков билдирди. Баяндамачы канттын кымбатташынын себептерин да айтты. Буга Украинадагы дүйнөлүк геосаясий кырдаал жана Орусиянын кантты экспорттоого тыюу салуусу себеп болууда. Буга чейин Казакстан кумшекердин 50 пайыздан ашыгын Орусиядан ташып келгени белгилүү.

Айдар Абилдабеков, Казакстандын Соода жана интеграция Министрлиги, соода комитети төрагасынын орун басары:

– Кантка байланыштуу негизи бардыгы туура болгон. Өлкөдө кант жетиштүү эле. Бирок, дүрбөлөңдөн улам баалар кескин көтөрүлүп кетти. Доллардын кымбатташы менен товардын баасы бир аз көтөрүлмөк, азыр дагы майда дүкөндөрдө кумшекер өтө кымбат баа менен сатылууда. Заводдор иштей баштады, эми аймактарга жеткирилет. Менин оюмча абал жакшырат.

Азык-түлүк рыногун модернизациялоо, ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн товарларга жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу, ошондой эле өндүрүүчүдөн сатуу пунктуна чейинки ортомчулардын ишин көзөмөлдөө. Ошол эле учурда жооптуу тармактын өкүлү азык-түлүк бааларынын мындан ары өсүшүнө жол бербөө боюнча чараларга токтолду.

Айдар Абилдабеков, Казакстандын Соода жана интеграция Министрлиги, соода комитети төрагасынын орун басары:

– Бизде картошка, май, бодо мал жана кой, эчки экспорттоого чектөөлөр бар. Өкмөт кант менен данды экспорттоого тыюу салды. Ушундай, жол менен бул өнүмдөрдүн баасын кармап турууга болот. Биз глобалдык дүйнөнүн бир бөлүгү болгондуктан, бул окуялар сөзсүз таасир этет. Бирок, биз үчүн негизги милдет – баалардын өсүшүн кармап туруу.

Белгилей кетсек, жалган куран айында азык-түлүктүн дүйнөлүк баасы тарыхый туу чокуга жеткен. Жылдык эсеп менен алганда баалар 30 пайызга өстү.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков