Казакстандын тышкы соода жүгүртүүсү үчтүн айы-бирдин айларында эки эсеге өстү

Казакстандын тышкы соода жүгүртүүсү үчтүн айы-бирдин айларында эки эсеге өстү

Казакстандын тышкы соода жүгүртүүсү үстүбүздөгү жылдын үчтүн айы-бирдин айларында өсүп, 18 миллиард доллардан ашты. Анын ичинде экспорт 71,5 пайызды түздү. Каржылык жактан алганда 12 миллиард доллардан ашат. Казакстандын акыркы үч айдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыгы тууралуу өкмөттүн жыйынында Улуттук экономика министри Алибек Куантыров билдирди. Ал өнүгүүдө оң динамика көрсөткөн тармактарды да белгилеп өттү. Алар транспорт жана кампа чарбасы, курулуш, соода, суу менен камсыздоо, маалымат жана байланыш, айыл чарба, тоо-кен жана кайра иштетүү өнөр жайы.

Алибек Куантыров, Казакстандын улуттук экномика министри:

– Өндүрүш өнөр жайында динамикалык өсүш тенденциясы байкалууда. Үстүбүздөгү жылдын үчтүн айы-бирдин айларында өндүрүш 6,5 пайызга өскөн. Бардык аймактарда өсүштүн оң көрсөткүчтөрү катталган. Эң жогорку өсүш Алматы шаарында, ошондой эле Түндүк Казакстан жана Атырау облустарында байкалууда. Тоо-кен тармагында өндүрүш 6,1 пайызга өстү. Каралып жаткан мезгилдин ичинде курулуш тармагы жогорку өсүш темпин көрсөтүп, аткарылган курулуш иштеринин көлөмү 8,6 пайызга жогорулады.

Белгилей кетсек, быйыл курулуш тармагы да инвестициялык жагымдуулукту көрсөттү. Бул жерде капиталдык салымдар эки эседен ашык өстү. Ушундай эле көрсөткүчтү билим берүү тармагы да көрсөткөн. Министрдин айтымында, инвестициялык жагымдуулук боюнча аймактык көрсөткүчтө Шымкент, Акмола жана Павлодар облустары алдыда.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков