«Түштүк» АЭА ишканаларында өндүрүлгөн товарлар 23 мамлекетке экспорттолот

«Түштүк» АЭА ишканаларында өндүрүлгөн товарлар 23 мамлекетке экспорттолот

«Түштүк» атайын экономикалык аймагындагы ишканалар чыгарган товарлар дүйнөнүн 23 өлкөсүнө экспорттолот. Түзүлгөн күндөн баштап анда жалпы инвестициянын көлөмү 55 миллиард теңгеге жакын 30 долбоорду ишке ашырып, 2 миңден ашык жумушчу орундарын түздү. Бул тууралуу Индустрия жана инфраструктураны өнүктүрүү министрлиги билдирди. Бүгүнкү күндө Түштүк атайын экономикалык аймагында чакан жана орто бизнестин текстиль кластери иштейт. Алардын ичинде килем жана килем буюмдары, пахтадан жип, целлюлоза өндүрүштөрү, байпак фабрикасы бар. Эске сала кетсек, облустун жашоочуларына жер, мүлк салыгы жана корпоративдик киреше салыгынан төлөөдөн бошотуу сыяктуу инвестициялык жеңилдиктер каралган.

Которгон: Илгиз Жамалбеков