Казакстанда буудай тартыштыгы жок

Казакстанда буудай тартыштыгы жок

Казакстанда эгин жетиштүү. Айыл чарба министрлигинин биринчи вице-министри Айдарбек Сапаров өлкөдө буудай тартыш деген маалыматты жокко чыгарды. Анын айтымында, чын куран айынын 1не карата республика боюнча 6,4 миллион тонна буудай бар. Вице-министр белгилегендей, ички суроо-талапты эске алганда бул сумма өлкөнү камсыздоого жетет. Ал тургай дандын бир бөлүгүн экспорттоого да болот. Анын айтымында, маселе буудайдын тартыштыгында эмес, анын баасында болуп жатат.

Айдарбек Сапаров, Казакстандын айыл чарба боюнча биринчи вице-министри:

– Буга чейин ун комбинаттары Орусиядан буудайды арзан баада алып келишкен. Айрыкча чек ара аймактары: Павлодар, Түндүк Казакстан. Бирок Орусия эгин экспорттоого тыюу салгандан кийин бул тең салмактуулук бузулду. Коңшу өлкөнүн мындай чечими тегирменчилерди тез арада ички рыноктон дан сатып алууга түрттү. Буудайдын баасы ошого жараша кымбаттады.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков