Казакстан менен Грузия: экономикалык мамилелер жана кызматташтык тармактарын кеңейтет

Казакстан менен Грузия: экономикалык мамилелер жана кызматташтык тармактарын кеңейтет

Экспорттун көлөмүн көбөйтүү, жаңы келишимдерди түзүү жана өнөктөштүк мамилелерди орнотуу. Бул максатта Грузиянын Тбилиси шаарына Казакстандын соода миссиясы келди. Бизнес-форумга өлкөнүн атынан макарон, кондитердик азыктар, туз жана башка өнүмдөрдү экспорттогон жыйырмадан ашык компания катышты. Бүгүнкү күндө эки өлкөнүн транзиттик мүмкүнчүлүктөрү ишкерлердин Европа өлкөлөрүнүн базарларына чыгуусуна көпүрө болуп саналат.

Эрекле Канделаки, «Ори Набиджи» компаниясынын импорт боюнча менеджери:

– Бизде казакстандык өнөктөштөр менен так чечимге келип, келишим түзүүгө мүмкүнчүлүк бар. Азырынча кандай суммага келишим түзгөнүбүздү так айта албайм. Бирок айрым ири компаниялар менен келишим түзүлдү. Келечекте компаниялар жана биздин өлкөлөр үчүн баары жакшы болот деп ишенебиз.

Азамат Аскарулы, QazTrade башкы мүдүрү:

– Бүгүн жалпы наркы 11,2 миллион долларлык беш келишимге кол коюлду. Былтыркы экспорттун жалпы көлөмү 25 миллион долларды түзгөнүн эске алсак, бүгүнкү иш-чарада экспорттук келишимдерибиздин жарымы ишке ашты. Быйыл Грузия менен соода жүгүртүүбүздү эки эсеге көбөйтөбүз деп ишенем.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков