S&P Global Ratings Казакстандын суверендүү насыялык рейтингин кубаттады

S&P Global Ratings Казакстандын суверендүү насыялык рейтингин кубаттады

S&P Global Ratings эл аралык рейтинг агенттиги Казакстандын суверендүү рейтингин «ВВВ-/А-3» деңгээлинде «туруктуу» болжол менен тастыктады. Бул тууралуу KASE биржасы маалымдады. Серепчилердин мындай чечимине экономиканын фискалдык жана тышкы балансынын туруктуулугу, муңай менен алтындын баасынын өсүшү таасир эткен. Аталган шарттар тышкы таасирди азайтууга жетиштүү экендиги адистер тарабынан белгиленген. Ошондой эле, агенттик Казакстандын экономикасынын өсүшү 2022-жылы 2 пайызга жетиши мүмкүн деп болжолдоодо.

 

Которгон Илгиз Жамалбеков