«Астана» эл аралык каржы борбору аркылуу Казакстанга 6,2 миллиард доллар инвестиция тартылды

«Астана» эл аралык каржы борбору аркылуу Казакстанга 6,2 миллиард доллар инвестиция тартылды

6 миллиард доллар. «Астана» эл аралык каржы борбору аркылуу Казакстанга дал ушундай сумма инвестиция тартылган. Мындай маалыматты каржы борборунун жетекчиси Кайрат Келимбетов билдирди. Бүгүнкү күндө каржы хабында 63 өлкөдөн 1200дөн ашык компания катталган. 18 казакстандык жана 11 эл аралык брокер АЭКБ биржасынын соода мүчөлөрү болушту. Борбордун Каржылык кызматтарды көзөмөлдөө комитетинен лицензия алган компаниялардын саны былтыр эки эсеге көбөйүп, 46га жеткен. Кошумчалай кетсек, Астана эл аралык каржы борбору биринчи жолу ислам банкына жана ислам каржылоо компаниясына лицензия берди.

Которгон: Илгиз Жамалбеков