Улуттук Банк ийкемдүү баа белгилөө саясатын улантат

Улуттук Банк ийкемдүү баа белгилөө саясатын улантат

Тышкы коркунучтардын терс таасирин азайтуу максатында Улуттук банк тарабынан конкреттүү чаралар комплекси кабыл алынды. Бул тууралуу өкмөттүн жыйынында каржыны жөнгө салуучу мекеменин жетекчиси Галымжан Пирматов билдирди. Анын айтымында, геосаясий тобокелдиктер жана дүйнөдө тышкы инфляциялык басымдын күчөшү, валюта курсунун алсызданышы инфляциянын жогорку динамикасынын негизги себебине айланат. Ошондуктан теңге активдерин коргоо керек болду. Мындан тышкары, валюта курсунун негизсиз өзгөрүшүнө байланыштуу белгилүү бир күндөрдө валюталык интервенциялар жүргүзүлгөн. Бирдин айында эле анын көлөмү 273 миллион доллардан ашкан. Улуттук фонддун конверсиялык операциялары да теңгеге тирек болду. Белгилей кетсек, орус рублинин жалган куран айынын башында кошумча санкциялардан улам алсызданышы теңгеге басымды күчөткөн.

Галымжан Пирматов, Казакстандын Улуттук Банкынын төрагасы:

- Валюта рыногунда алмашуу курсунун рыноктук негизде болушун камсыз кылуу максатында Улуттук банк акча-алмаштыруу бюролору аркылуу сатып алуу курсунун теңгени сатуу курсунан четтөө лимиттерин кеңейтүү боюнча түзөтүүлөрдү иштеп чыкты. Каржылык туруктуулук тобокелдигин алдын алуу жана алып-сатарлык суроо-талапка басымды азайтуу максатында Казакстан Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен 10 миң доллардан ашык накталай акчаны жана чет өлкө валютасын, 100 граммдан ашык салмактагы алтын куймаларды, аффинаждалган алтынды экспорттоого чектөөлөр киргизилди. Бул чет өлкөлүк валютанын ашыкча экспорттолушун көзөмөлдөөнү жана Улуттук банктын резервдерин сакталышын камсыз кылат.

Акыркы күндөрү улуттук валютанын долларга карата курсу 512 теңгенин тегерегинде болууда. Экинчи деңгээлдеги банктар жана Улуттук банк Казакстанга накталай чет өлкө валютасын жеткирүү чараларынын толук тизмесин кабыл алып жатат. Алдыдагы убакытта ийкемдүү баа түзүү саясаты улантылат. Бул олку-солкулуктарды тууралап, резервдерди сарамжалдуу пайдаланууга мүмкүндүк берерин Пирматов кошумчалады.

Которгон: Илгиз Жамалбеков