Standard & Poor's Казакстандын көз карандысыз насыялык рейтингин ырастады

Standard & Poor's Казакстандын көз карандысыз насыялык рейтингин ырастады

Эл аралык Standard & Poor's рейтинг агенттиги Казакстандын көз карандысыз насыялык рейтингин «ВВВ-/А-3» деңгээлинде, ал эми болжолун «туруктуу» деп ырастады. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Серепчилердин айтымында, Казакстандын рейтингин колдоого алган эң маанилүү факторлор өлкөнүн экономикасынын туруктуу фискалдык жана тышкы баланстары болуп саналат. Муну менен катар, өтүмдүү чет элдик активдердин болушу. Серепчилер мамлекеттик жана тышкы баланстар жакынкы жылдарда туруктуу бойдон калаарын жана мүмкүн болгон макроэкономикалык туруксуздукту жумшартуу үчүн жетиштүү болоорун белгилешет. Ошол эле учурда, агенттиктин маалыматына ылайык, Орусияга каршы экономикалык санкциялардын экинчи даражадагы кесепеттерин жоюуга болот жана бул Казакстандын негизги мунай жана газ экспорттук рынокторуна кирүүсүн үзгүлтүккө учуратууга алып келбейт. Казакстандын эффективдүү макроэкономикалык саясаты экономиканы ар тараптандыруу, жеке секторду өнүктүрүү, калктын кирешесин жогорулатуу, инвестициялык климатты жана салык саясатын жакшыртуу чараларынын алкагында улана берет, дешет талдоочулар. Жалпысынан Standard & Poor's Казакстандын экономикасынын өсүшүн 2022-жылы 3,6% деңгээлинде, ал эми 2025-жылга карата орто эсеп менен 4%га жакын деп болжолдоодо.

Которгон: Илгиз Жамалбеков