К. Токаев: Казакстан чет элдик инвесторлор үчүн ачык

К. Токаев: Казакстан чет элдик инвесторлор үчүн ачык

Чет элдик инвесторлор үчүн «ачык эшик» саясаты Казакстан үчүн стратегиялык артыкчылык бойдон кала берет. Бул тууралуу президент Чет элдик инвесторлор кеңешинин кезексиз жыйынында билдирди. Касым-Жомарт Токаев белгилегендей, мамлекет мындан ары да өнөктөштөрдүн жана экономиканы өнүктүрүүгө инвестиция салууга даяр ишкерлердин алдындагы милдеттенмелерин жана кепилдиктерин толук аткара берет.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:

- Үчтүн айындагы окуялар инвесторлор үчүн белгилүү бир даражада ыңгайсыздыктарды жаратканын байкап жатабыз. Ошондуктан биздин инвестициялык саясатыбыздын келечектеги багыттарын тактап кетким келет. Үчтүн айындагы каатчылык биздин рыноктук экономикага, мыйзам үстөмдүгүнө, эл аралык жана ички милдеттенмелердин аткарылышына эч кандай таасир эткен жок. Тескерисинче, мындан аркы өнүгүүгө жаңы дем берди.

Президенттин айтымында, учурда Казакстанда 90-жылдардагыдай трансформация жүрүп жатат. Өлкөнүн жаңы багытынын фундаменталдуу негизи - эч бир өзгөчөлүктөрсүз бардыгына бирдей болгон мыйзам үстөмдүгү болот.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:

- Мындан ары экономикалык реформалардын негизги милдети ИДӨнүн өсүшүнүн абстрактуу сандары менен дүйнөлүк рейтингдерде орун алуу эмес, элибиздин кирешесин жана жашоо сапатын жогорулатуу болуп саналат. Албетте, бул максатка ишкерлердин жаңы тобун түзмөйүнчө жана сапаттуу инвестицияларды тартмайын жетүү мүмкүн эмес. Фаворитизмди, элитанын өзгөчө кызыкчылыктары менен артыкчылыктарын, коррупцияны жана олигополияны жоюу боюнча эл менен адал бизнеске берген убадаларыбыз толугу менен аткарылат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков