Серепчи: натыйжасыз атайын экономикалык аймактардын ишин токтотуу керек

Серепчи: натыйжасыз атайын экономикалык аймактардын ишин токтотуу керек

Казакстанда эффективдүү эмес атайын экономикалык аймактарды жаап, анда-санда болсо да ийгиликтүү жана дараметтүү аймактарды гана калтыруу керек. Негизинен мындай ири долбоорлорду ишке ашыруу алардын узак мөөнөттүү жана ата мекендик экономикага ылайыктуулугун эске алуу менен комплекстүү каралышы керек. Бул тууралуу өлкөдөгү Дүйнөлүк экономика жана саясат институтунун серепчиси Магбат Спанов билдирди. Анын айтымында, массалык атайын экономикалык аймактарды түзүү өлкө казынасы үчүн өтө кымбатка турат. Ошондуктан, мамлекет башчысынын бул маселеге кайрылуусу туура жана өз убагында болгонун адис айтат. Серепчинин айтымында, бул аймактарда иштеп жаткан өндүрүш ишканаларынын өнүмдөрү биринчи кезекте өлкөнүн керектөөсүн канааттандырышы керек. Анан ашыкчасын тышкы рынокко чыгарууга болот.

Магбат Спанов, Дүйнөлүк экономика жана саясат институтунун серепчиси:

- Мен өлкө жетекчилигинин тынчсыздануусун түшүнөм, анткени мындай атайын экономикалык аймакты түзүүгө көп каражат жумшалат. Негизи эреже боюнча бардык инфраструктураны мамлекет өз мойнуна алат. Ал эми бизнес даяр жерге келип, кандайдыр бир ишкана түзөт. Бардык компаниялар жумшалган каражатты актабайт. Бир жагынан бул орундуу маселе. Өлкө башчылыгы, өкмөт муну эске алуу менен бюджетти толтуруунун рационалдуу жолдорун табууга аракет кылууда. Башкача айтканда, капитал сыртка агып кетпей, өлкөнүн кызыкчылыгы үчүн калууга мүмкүндүк берүүчү механизмдерди түзүүгө аракет кылып жатышат. Бул ар кандай маселе сыяктуу өз убагында чечилиши керек деп ойлойм.

Айта кетсек, жакында Мамлекет башчысы өкмөттүн кеңейтилген жыйынын өткөрүп, чечиле турган бир катар конкреттүү милдеттерди белгилеген. Анда Касым-Жомарт Токаев экономикалык өсүш үчүн кошумча булактарды издөө маселесине токтолгон. Президент атайын экономикалык аймактардын администрациясын тартипке чакырды. Бул үчүн өкмөткө бир айлык мөөнөт берилген.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:

- Эркин экономикалык аймактардын көбү инвестиция тартуу үчүн кирешелүү болгон жок деп бир нече жолу айткам. Бул жарым триллион теңгеге жакын масштабдуу салыктык жеңилдиктердин топтомуна карабастан абал ушундай болуп турат. Натыйжада биз эмне таптык? Акыркы үч жылда эркин экономикалык аймактарда өндүрүлгөн өнүмдүн көлөмү ИДӨнүн 1,5% ашпайт. Экспорттун үлүшү ИДӨнүн 0,1%ын гана түзөт. Бул маселени чечүүгө убакыт келди.

Которгон: Илгиз Жамалбеков