2021-жылы негизги капиталга салынган инвестициянын көлөмү 13,2 триллон теңгени түздү

2021-жылы негизги капиталга салынган инвестициянын көлөмү 13,2 триллон теңгени түздү

Казакстанда өткөн жылы негизги капиталга инвестиция көлөмү 13,2 триллион теңгени түздү. Бул 2020-жылга салыштырмалуу 7,3%га көп. Бул тууралуу премьер-министр өткөргөн инвестициялык штабдын жыйынында айтылды. Айрыкча экономиканын чийки зат эмес секторунда өсүш байкалууда. Алсак, реалдуу инвестициялардын индекси кайра иштетүү өнөр жайында 1,4 эсеге, курулушта 1,2 эсеге жана айыл чарбасында 1,3 эсеге өскөн. Республика боюнча негизги капиталга инвестиция тартуунун жылдык планы 94 пайызга аткарылды. Көрсөткүч Шымкент шаарында, Актөбе жана Костанай облустарында ашып кеткен. Босогодон өтө албай калган аймактардын акимдери түздөн-түз жоопкерчиликке тартылат.

«Көчтүн аягында калган аймактар белгиленген KPIди так сактоо зарылчылыгына көңүл бурушу керек. Максаттуу индикаторлордун аткарылбагандыгы үчүн акимдер жеке жоопкерчилик тартышат. Мамлекеттик органдар жана акимчиликтер мындан ары да ички жана тышкы инвестицияларды тартуу боюнча системалуу иш алып барышы керек», – деди А. Смаилов.

Белгилей кетсек, Казакстан үчүн ТОП-10 инвестордун катарына Нидерланды, АКШ, Швейцария, Кытай, Орусия, Улуу Британия, Бельгия, Түркия, Түштүк Корея жана Франция кирди. 2021-жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча чет элдик инвестициянын көлөмү 49%га өсүп, 18,7 млрд долларга жеткен.

Которгон: Илгиз Жамалбеков