Казакстан экономикасын турукташтыруу үчүн өкмөт кандай чараларды көрөт?

Казакстан экономикасын турукташтыруу үчүн өкмөт кандай чараларды көрөт?

Өкмөт өлкөдөгү социалдык-экономикалык абалды турукташтыруу боюнча кечиктирилгис иш-чаралардын планын кабыл алды. Негизги милдеттерден тышкары, ал казакстандыктардын жана бизнестин коопсуздугун камсыздоого жана ар тараптуу колдоого багытталган. Бул тууралуу өкмөттүн жыйынында премьер-министр Алихан Смаилов билдирди. Планда үчтүн айында болгон окуяда жабыркагандарга жардам көрсөтүү, алар үчүн банктык карыздарды өзгөчө кырдаал режими аяктаганга чейин жылдыруу каралган.

Ошондой эле, бирдин айынын 1не чейин Казакстанда Мамлекеттик киреше кызматынын салык жана бажылык текшерүүлөрү токтотулат. Жалпысынан документте коомдук тартипти, социалдык жана башка инфраструктураны калыбына келтирүү, социалдык изилдөөлөр, баалардын негизсиз көтөрүлүшүнө жол бербөө сыяктуу 51 иш-чара камтылган. Премьер-министр өз сөзүндө бизнеске келтирилген жүктү азайтуу боюнча чараларга токтолду.

Алихан Смаилов, Казакстандын Премьер-Министри:

- Бирдин айынын 1не чейин салыктык жана бажылык текшерүүлөрдүн жана мамлекеттик киреше органдарынын камералык көзөмөл билдирүүлөрүн берүү токтотулат. Атамекен палатасы менен биргеликте калктын кирешесин жогорулатуу программасын иштеп чыгып, кабыл алуу мерчемделүүдө. Биз үчүн негизги максат – калктын кирешесин көбөйтүү. Кандай гана план, программа болбосун биринчи кезекте калктын кирешесин көбөйтүүгө багытталууга тийиш. Башкаруунун бардык деңгээлинде иштин натыйжалуулугу дал ушул көрсөткүч боюнча бааланат.

Мындан тышкары Алихан Смаилов инфляциянын өсүшүнө жол бербөө үчүн өкмөт системалуу чараларды көрүшү керектигин белгиледи. Премьер-министр Экономика министрлигине мамлекеттик органдар менен биргеликте инфляцияны көзөмөлдөө жана төмөндөтүү боюнча чаралардын комплексин өкмөткө келерки айдын биринчи күнүнө чейин киргизүүнү тапшырды.

Которгон: Илгиз Жамалбеков