2021-жылы Казакстан менен Кытай ортосундагы соода алмашуу 22,94 миллиард долларга жетти

2021-жылы Казакстан менен Кытай ортосундагы соода алмашуу 22,94 миллиард долларга жетти

Эгемендүүлүк алгандан бери Казакстан менен Кытайдын ортосундагы соода жүгүртүү 60 эсеге өстү. 1992-жылы 368 миллион доллардан соода баштаган тараптар өткөн жылы 23 миллиард долларга жакын соода жүгүртүүгө жетишкен. Бул туралуу Кытай Эл Республикасынын Казакстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Чжан Сяо ушул жылдын алгачкы күндөрүндө жарыяланган Кытай-Казакстан достугу – эки элдин баа жеткис байлыгы аттуу макаласында белгиледи. Ошондой эле 2020-жылдын аягына чейин өлкө экономикасына 21 миллиард доллардан ашык инвестиция салганы айтылат. Бул каражат өнөр жай, айыл чарба, энергетика, транспорт жана жашыл экономика тармагындагы долбоорлорду колдоого жумшалды. Эки өлкөнүн ортосунда 5 чек ара мунай-газ куурлары жана эки чек ара темир жол линиясы түзүлдү. Казакстан Кытай аркылуу Тынч океанга жол ачты. Ал эми эки өлкө Азия менен Европанын ортосундагы маанилуу звеного айланды. Натыйжалуу өнөктөштүктүн алкагында мамлекеттердин эл аралык аренадагы кадыр-баркы өсүп, жаңы рынокторду багынтууда.

Ли Куйвэн, КЭРнын Башкы бажы башкармасынын статистика жана талдоо департаментинин мүдүрү:

- Доллар менен эсептегенде экспорт жана импорт 6 триллион 50 миллиард долларга жетсе, 2013-жылы бул көрсөткүч биринчи жолу 4 триллион доллар чегин ашкан. Сегиз жыл өткөндөн кийин, бир жылдын ичинде жаңы тарыхый эң жогорку чекке эки жолу жетти. Алгач 5, азыркы учурда 6 триллион доллар болду.

Ян Минь, КЭР Мамлекеттик маалымат борборунун болжолдоо бөлүмүнүн макро экономикалык изилдөөлөр лабораториясынын мүдүрү:

- Дүйнөдө күчөгөн пандемия шартында Кытайдын тышкы соодасы сандык да, сапаттык жактан да жакшырды. Кытай 13 жыл катары менен дүйнөдөгү эң ири экспортточу мамлекет бойдон калууда жана биздин күткөнүбүздөн алда канча ашып кетти. Биз 14-беш жылдыкты жакшы баштоо көрсөткүчүнө жетиштик.

Которгон: Илгиз Жамалбеков