Күйүүчү майдын акциздик баасы кайрадан каралып чыгат

Күйүүчү майдын акциздик баасы кайрадан каралып чыгат

Күйүүчү май рыногунда үстөк баага чектөөлөр коюлат. Бул тууралуу өкмөттүн жыйынында каржы министри Ерулан Жамаубаев билдирди. Президенттин тапшырмасын токтоосуз аткаруу боюнча министрлик тарабынан көрүлүп жаткан иш-чараларды атады.

Ерулан Жамаубаев, Казакстан Республикасынын Каржы министри:

- Бюджетке кошумча кирешелерди камсыз кылуу үчүн тоо-кен металлургия комплексинде жер казынасын пайдалануучулардан түшкөн кирешелерди көбөйтүү механизмдери иштелип жатат. Күйүүчү-майлоочу майларга акциздик баалар да кайра каралып, чектүү кошумча төлөмдөр чектелет. Бул сатуучулардын бюджетке кошумча киреше алып келүүгө мүмкүндүк берет. Бажылык башкарууну жакшыртуунун алкагында ыйгарым укуктуу экономикалык операторлорго талаптар күчөтүлөт. Алар бардык ыйгарым укуктуу экономикалык операторлордун эсепке алуу тутумдарына кирүү үчүн горизонталдык мониторинг системасына кошулат.

Ошондой эле, министр бажы тармагындагы бардык мыйзам бузуулар үчүн жоопкерчиликти күчөтүү чаралары көрүлүп, жакынкы аралыкта тиешелүү мамлекеттик органдар менен биргеликте мамлекеттик чек арадагы тартипти камсыздоо боюнча комплекстүү текшерүү жүргүзүлөрүн билдирди.

Которгон: Илгиз Жамалбеков