2021-жылкы экономикалык көрсөткүчтөр

2021-жылкы экономикалык көрсөткүчтөр

Инвестициялык жигердүүлүк, соода алмашуунун көлөмүн көбөйтүү жана экспортко артыкчылык берүү. Мындан тышкары, тейлөө тармагын жакшыртуу жана реалдуу сектордо туруктуу өсүштү камсыз кылуу. Дал ушундай кадамдар ата мекендик экономиканын быйылкы жылы тез өнүгүүсүнө негиз түздү. Маалымат жана байланыш, соода, суу жана электр энергиясы, курулуш жана кайра иштетүү өнөр жайынын үлүшү басымдуу, дешет адистер. Тышкы каржылоо булактарынын көбөйүшү, бул тармактагы дараметтин максималдуу пайдаланылышы да өлкөнүн гүлдөп-өсүшүнө шарт түздү. Эффективдүү инвестиция кыла ала турган багыттар дагы көбөйүүдө. Буга өлкөнүн эң мыкты инвесторлорунун бири Кытай Эл Республикасы далил.

Ерлан Зейнешев, РКнын Тим инвестициялар боюнча комитет төрагасынын орун басары:

- Бүгүнкү күндө Кытай Казакстандын негизги соода-экономикалык өнөктөштөрүнүн бири болуп саналат. Кытай Эл Республикасы экономикабыздагы эң ири беш инвесторлордун бири. 2020-жылы дүйнөлүк пандемияга карабастан, тараптардын өз ара соодасынын көлөмү 4%га өсүп, 15 миллиард АКШ долларынан ашты.

Белгилей кетсек, быйыл курулуш тармагына тартылган инвестициянын көлөмү өскөн. Өсүш эки эседен ашты. Мында кайра иштетүү өнөр жайында 50,5%, айыл чарбасында 40,5% жана соодада 35% өсүш катталган.

Калыбек Магзум, РКнын УЭМ Макроэкономикалык талдоо жана божомолдоо департаменти башкармасынын башчысы:

- Азыр бизде соода балансы күчтүүрөөк болуп, 14,1%га өсүп, 82,2 миллиард долларга жетти. Жалпысынан бизде экспорттун жогору өсүшү байкалды. Ата мекендик өнүмдү жеткирүү 23,5%га өсүп, кайра иштетилген товарлардын экспортун кошкондо 49,1 миллиард долларды түздү. Бул тенденция күч алып жатканын белгилей кетүү керек. Башкача айтканда, кайра иштетилген товарлардын экспорту 24,4%га өсүп, 15,5 миллиард долларды түздү.

Серепчилердин айтымында, кайра иштетүү өнөр жайы 2021-жылы туруктуу өсүү тенденциясын көрсөтөт. Үстүбүздөгү жылдын 10 айында өндүрүш 5,2%га өскөн. Бардык региондордо өсүштүн оң динамикасы байкалууда. Бул жаатта Алматы шаары, Алматы жана Кызылорда облустары алдыда келе жатат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков