Казакстан менен Өзбекстан ортосунда соода алмашуу артты

Казакстан менен Өзбекстан ортосунда соода алмашуу артты

Казакстан менен Өзбекстан өз ара соода жүгүртүүнү 10 миллиард долларга жеткирүүнү мерчемдеп жатат. Бүгүнкү күндө 2021-жылдын 10 айында бул көрсөткүч 3 миллиард долларга жетти. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда товар жүгүртүү дээрлик 33 пайызга жогору болгон. Серепчилердин айтымында, сооданын негизги бөлүгү – 72,5% экспортко туура келет. Жыл башынан бери өз ара соода жүгүртүү 2,2 миллиард долларга чейин өстү. Өз кезегинде импорттун көлөмү АКШ валютасы менен эсептегенде 833 миллиондон ашты. Коңшу республикага экспорттолгон товарлардын катарына буудай, ун, өнөр жай өнүмдөрү, түрдүү рудалар жана минералдар, текстиль жана пластмасса кирет. Өзбекстандан кондитердик азыктар, акиташ, гипс, дары-дармектер, жер семирткичтер жана кийим-кечектер импорттолот. Бүгүнкү күндө өлкөдө Өзбекстандын катышуусу менен 1500гө жакын ишкана бар, бул бир жыл мурункуга караганда 18%га көп. Алардын көбү дүң жана чекене соода, ошондой эле, автоунааларды оңдоо менен алектенишет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков