11 айда ИДӨ 3,8 пайызга өстү

11 айда ИДӨ 3,8 пайызга өстү

Казакстандын экономикасы ишенимдүү өсүштү көрсөтүп, пандемияга ийгиликтүү ыңгайлашты. Адистердин айтымында, бүгүнкү күндө бул көрсөткүч пандемияга чейинки деңгээлге жетти. Үстүбүздөгү жылдын 11 айында ИДӨ 3,8 пайызга өстү. Үчтүн айы-тогуздун айларында өлкөнүн тышкы соода жүгүртүүсү 82 миллиард доллардан ашты. Бул көрсөткүч 2020-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 14%га көп. Экспорт да 23,5 пайызга туруктуу өсүү менен 49 миллиард доллар өсүштү көрсөттү.

Калыбек Магзум, РКнын УЭМ Макроэкономикалык талдоо жана божомолдоо департаменти башкармасынын башчысы:

- Биз бардык тармактарда позитивдүү динамиканы көрүп жатабыз. Өндүрүш, электр энергиясы жана суу менен камсыздоо жогорку өсүш темпин көрсөтүүдө. Биз маалымат жана байланыш тармагында да олуттуу өсүштү байкадык. Ал эми соода азыр калыбына келип, динамикалык өсүштү көрсөтүп жатат. Курулуш тармагында да өсүш байкалууда.

2021-жылы реалдуу сектордун өсүшү, сооданын өнүгүшү, жогорку инвестициялык активдүүлүк Казакстандын экономикасынын ишенимдүү өнүгүүсүнүн факторуна айланды. Быйылкы жылы капиталдык салымдар негизинен курулуш, өндүрүш, айыл чарба жана соода тармагына багытталды.

Калыбек Магзум, РКнын УЭМ Макроэкономикалык талдоо жана божомолдоо департаменти башкармасынын башчысы:

- Акыркы 2 айдын ичинде инвестициянын өсүшү оң тенденцияны көрсөттү. Учурда өсүш 2,6%ды түзөт. Белгилей кетсек, бул жерде биздин өндүрүштүк эмес тармакка инвестиция өсүп жатат. Жалпысынан тоо-кен өндүрүшүн эсепке албаганда өсүш 17,1%ды түздү. Бул экономиканын жигердүү өсүү факторлорунун бири болуп саналат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков