Казакстандык ишканаларга өндүрүштү жаңыртууга атайын каражат берилет

Казакстандык ишканаларга өндүрүштү жаңыртууга атайын каражат берилет

Казакстанда өнөр жай гранттары берилет. Аталган грант ата мекендик ишканаларды стимулдаштыруунун жаңы куралы болуп калат. Бул тууралуу Сенаттын жыйынында Индустрия жана инфраструктураны өнүктүрүү министри Бейбит Атамкулов билдирди. Анын айтымында, акча өндүрүштү технологиялык жагынан модернизациялоого бөлүнөт. Башкача айтканда, эми мамлекет ишкерлерге техникаларын жаңылоого жардам берет. Бул чара чийки затты, жогорку технологиялык товарларды жана суроо-талабы жогору болгон өнүмдү өндүрүүчүлөргө тиешелүү. Жооптуу тармактын жетекчисинин айтымында, кайра иштетүүнү жакшыртууга өзгөчө көңүл бурулат. Министр ошондой эле, өлкөдөгү көптөгөн завод-фабрикалар Союз мезгилинен бери модернизацияланбаганын, ошондуктан эмгек өндүрүмдүүлүгү төмөн экенин белгиледи. Бирок ишканалар өз милдеттерин аткарышы керек болот.

Бейбит Атамкулов, РКнын Индустрия жана инфраструктураны өнүктүрүү министри:

- Алар мындай көрсөткүчтөргө жетиши керек: өздөрү маалымдаган өнүмдүн өндүрүш көлөмү боюнча, өнүмдүн сапаты боюнча, эң негизгиси экспортко багытталган, башкача айтканда, биз колдогон заводдор эң жогорку, эл аралык стандарттарга жооп берген жана атаандаштыкка жөндөмдүү өнүм чыгарууга тийиш. Ал эми эгерде алар биздин шарттарды аткарышпаса, мамлекет тарабынан жумшаган каражатты бюджетке кайтарууга аргасыз болушат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков