Шымкент мунай кайра иштетүүчү заводу кубаттуулугун көбөйтөт

Шымкент мунай кайра иштетүүчү заводу кубаттуулугун көбөйтөт

Шымкент мунай кайра иштетүүчү заводунун кубаттуулугун жылына 12 миллион тоннага чейин көбөйтүүгө болот. Учурда техникалык-экономикалык негиздеме иштелип чыгууда. Заводдо капиталдык ремонттон кийин мунайды кайра иштетүүнүн көлөмү бир кыйла өстү. Азыр «мунай алпы» заманбап жабдууларга ээ болуп, «Евро-4», «Евро-5» үлгүсүндөгү бензин жана дизель майын чыгарууда. Кайра куруудан кийин мунайчылар өндүрүш кубаттуулугун эселентүүнү көздөп жатат.

Руслан Навесов, «ПКОП» ЖЧК өндүрүштүк бөлүмүнүн башчысы:

- Модернизациялоонун негизги этабы мунайды кайра иштетүү тереңдигин 73%дан 88%га чейин жогорулатуу болуп саналат. Ошондой эле, ачык мунай өнүмдөрүн чыгарууну 57 пайыздан 82 пайызга чейин жогорулатуу болуп саналат.

Модернизациялоодо кайра иштетүүнүн көлөмүн көбөйтүү гана эмес, экология маселесине да көңүл буруу милдети коюлган. Абага зыяндуу заттарды бөлүп чыгаруу бир кыйла кыскартылды.

Андрей Путков, «ПКОП» ЖЧК жаратылышты коргоо бөлүмүнүн ага инженери:

- Жаратылыш байлыктарын мүмкүн болушунча коргоого аракет кылабыз. Биздин завод энергия ресурстарын максималдуу үнөмдөөгө багытталган.

КазМунайГаз менен Кытайдын Улуттук мунай жана газ корпорациясынын CNPC ортосундагы ийгиликтүү өнөктөштүк заводдун толук кубаттуулукта иштөөсүнө шарт түздү. Келерки жылы Казакстан менен Кытайдын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин 30 жылдыгы жана CNPCнин өлкөдөгү ишмердүүлүгүнүн 25 жылдыгы белгиленет.

Касым-Жомарт Токаев, РКнын Президенти:

- Биздин ар тараптуу жана түбөлүк стратегиялык өнөктөштүгүбүз бышып жетилип, жаңы фазага өттү деп ишенимдүү айта алам. Тез өнүгүп жаткан Кытай мамлекети ар дайым Азиядагы эң маанилүү жана ишенимдүү өнөктөшүбүз болуп кала берет.

Алдыдагы убакытта Шымкенттеги мунайды кайра иштетүүчү заводдун базасында Казакстанда төртүнчү завод куруу мерчемделүүдө.

Которгон: Илгиз Жамалбеков