Казакстандын IT-чечимдеринин экспорту артууда

Казакстандын IT-чечимдеринин экспорту артууда

Казакстандын IT-компаниялары 300 миң доллардан ашык инвестиция тартты. 94 ата мекендик компания жалпы наркы 875 миң долларга бааланган келишимдерди түзүүгө жетишкен. Биринчиден, бул Astana Hub атайын Scalerator программасынын аркасында мүмкүн болду. Серепчилердин айтымында, бул долбоорду ишке ашыруу катышуучуларга жаңы рынокторго чыгууга жана башка өлкөлөрдө өз иштерин жөнгө салууга жардам берди. 8 жуманын ичинде стартаптар адистер менен биргеликте дараметтүү атаандаштарды изилдеп, тышкы рынокко чыгуу үчүн маркетинг стратегиясын иштеп чыгышты. Жөнөкөй сөз менен айтканда, катышуучулар мыкты адистерден бизнес-өнөктөштөрдү табууда профессионалдуу жардам алышты. Натыйжасы көп күттүргөн жок.

Меруерт Тлеубергенова, Astana Hub-тын бизнес-программалар кеңсесинин менеджери:

- Сан боюнча айтсак, бардыгы 234 арыз түшкөн. Натыйжада 94 IT-компания ишке киргизилди. Үч багыт боюнча: бул Түндүк Америкада жана Европада 30 компания, КМШда 30 компания жана Түштүк-Чыгыш Азия мамлекеттеринде 34 компания. Бул 94 компаниянын 40ка жакын келишими бар. План боюнча дагы кандай базарларды багындырса болот? Бизде 2025-жылга чоң мерчемдерибиз бар. Ошол учурда IT кызматтарынын экспортун 500 миллион долларга жеткирүү көздөлүп жатат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков