Кайра иштетүү өнөр жайында туруктуу өсүш уланууда

Кайра иштетүү өнөр жайында туруктуу өсүш уланууда

Казакстан 2025-жылга чейин мунай эмес экспорт көлөмүн 1,5 эсеге көбөйтүүнү мерчемдөөдө. Буга байланыштуу кайра иштетүү өнөр жайына артыкчылык берилет. Азыртадан эле өндүрүштүн дээрлик бардык тармактарында өнүгүү көрсөткүчү активдешкени байкалат. Маселен, акыркы 10 айдын ичинде эле өнөр жай өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 5,3% өскөн. Бул тууралуу Индустрия жана инфраструктураны өнүктүрүү министри Бейбит Атамкулов билдирди. Анын айтымында, быйыл Индустриялаштыруу картасынын алкагында аймактарда 1,3 триллион теңгени түзгөн 139 долбоорду ишке киргизүү көздөлгөн. Бүгүнкү күндө 1 триллион теңге жумшалган 83 демилге колдонууга берилди. 2025-жылга чейин дагы 500 жаңы долбоорду ишке ашыруу мерчемделген. Алардын жалпы суммасы 13 триллион теңгеден ашат. Бул курулуш, тоо-металлургиялык комплекси, унаа жасоо, химия, жеңил өнөр жай жана фармацевтика өнөр жайы ишканалары.

Бейбит Атамкулов, РКнын Индустрия жана инфраструктураны өнүктүрүү министри:

- Жалпысынан 2025-жылы жаңы долбоорлорду ишке ашыруу жана жаңы иш-чараларды кабыл алуу аркылуу кайра иштетүү өнөр жайынын жылдык көлөмү 19 триллион 700 миллиард теңгеге, кайра иштетүү өнөр жайына негизги капиталга инвестиция 3,5 триллион теңгеге, чийки эмес товарларды экспорттоо – 21 миллиард 800 миллион АКШ долларына жеткирилет. Технологиялык жактан татаал товарларды өндүрүүнүн жана экспорттун өсүшүнө байланыштуу Казакстан экономикалык татаалдыктын дүйнөлүк индексинде 69-орунга көтөрүлөт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков