Ата мекендик өндүрүшчүлөрдүн кызыкчылыгын коргоонун жаңы механизмдери

Ата мекендик өндүрүшчүлөрдүн кызыкчылыгын коргоонун жаңы механизмдери

Казакстан ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн кызыкчылыгын коргоого багытталган 5 жаңы механизмди иштеп чыкты. Бул тууралуу Казакстандын индустрия жана инфраструктураны өнүктүрүү министри Бейбит Атамкулов бүгүн өкмөттүн жыйынында билдирди. Өнөр жай саясаты жөнүндө мыйзам долбоорунда өлкө ичиндеги баалуулук концепциясы жана өнүктүрүү саясаты камтылган. Бул түшүнүк эл аралык аренада таанылган жана ошондой эле, Дүйнөлүк соода уюмунун эрежелерине туура келет. Мындан ары ири жер казынасын пайдалануучулар өлкөдө баалуулукту өнүктүрүүнүн жеке программасын жана ата мекендик товарларды сатып алууга өтүү планын кабыл алышат.

Бейбит Атамкулов, РКнын Индустрия жана инфраструктураны өнүктүрүү министри:

- Даяр өнүмдү сатуу жана ички рынокту жаңы товарлар менен толуктоо үчүн жер казынасын пайдалануучулардын жана улуттук компаниялардын катышуусу менен офтейк-макулдашуулар, офсеттик шарттар колдонулат. Ошол эле учурда, оффтейк-макулдашуулар өндүрүштү обочолонтууга жана жаңыларын ачууга, ал эми офсеттик келишимдер технологияларды трансфертке жана инвестиция тартууга багытталат. Узак мөөнөттүү келишимдерде иштеп жаткан тармактардын өнүмдөрүн сатууну камсыз кылат.

Муну менен катар, Бейбит Атамкуловдун айтымында, өлкөдө ата мекендик товарлардын үлүшүн көбөйтүү максатында жакынкы жылдары бир нече жаңы ишканаларды ишке киргизүү көздөлүүдө. Айта кетсек, 2022-жылы кубаттуулугу 197 миң тонна болгон табак-чыны чыгаруучу завод курулат. Инвестициялык долбоордун баасы 42,1 миллиард теңгени түзөт. Ал эми 2023-жылга чейин чет элдик инвесторлордун катышуусунда карапа мешти чыгаруучу 3 жаңы ишкана пайдаланууга берилет. Бул долбоорлор ички рыноктун керектөөлөрүн толук камсыздайт. Өз кезегинде Премьер-министр Аскар Мамин жергиликтүү камтуу деңгээлинин өсүшү туруктуу экенин белгилеп өттү.

Аскар Мамин, РКнын Премьер-Министри:

- Үстүбүздөгү жылдын 9 айында жергиликтүү камтуунун өсүү темпи өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 6,4% түздү. Жөнөкөй нерселердин экономикасынын 7 тармагы боюнча жергиликтүү камтуунун пландуу көрсөткүчтөрүнө жетишилди. Анын ичинде унаа жасоо, фармацевтика, жеңил, эмерек, химия жана тамак-аш өнөр жайларында.

Которгон: Илгиз Жамалбеков