Казакстан 2021-жылдын ортосуна чейин көмүртектү аз өндүрүү концепциясын өнүктүрөт

Казакстан аз көмүртектүү өнүгүү концепциясын иштеп чыгууну мерчемдеп жатат. Анда айлана-чөйрөгө келтирилген зыяндуу заттарды жана парник газдарынын бөлүнүп чыгышын азайтууга көңүл бурулат. Бул тууралуу өлкөнүн Экология, геология жана жаратылыш ресурстары министри Магзум Мирзагалиев Борбордук байланыш кызматында өткөн брифинг учурунда билдирди. Маалыматка ылайык, стратегия экономикалык жана энергетикалык өнүгүүнүн ар кандай сценарийлеринде көмүр менен газдын ордун алмаштыруунун же пайдаланууну азайтуунун мүмкүнчүлүктөрүн жана артыкчылыктарын караштырат. Ал эми Казакстанда көмүртекти аз өнүктүрүүгө өтүүнүн негизги аспектиси болуп кайра жанма жана альтернативдүү энергия булактарын өнүктүрүү саналат.

МАГЗУМ МИРЗАГАЛИЕВ, РКНЫН ЭКОЛОГИЯ, ГЕОЛОГИЯ ЖАНА ЖАРАТЫЛЫШ РЕСУРСТАРЫ МИНИСТРИ:

 - Бүгүнкү күндө бүткүл дүйнөлүк экономикада декарбонизациялоо тенденциясы байкалууда. Бул максатта, Европа Бирлиги өлкөлөрдөн ташылып келинген өнүмдөргө чек ара көмүр салыгын киргизүүдө. Бул биздин атамекендик өнүмдөрүбүздүн Европа базарларында атаандаштыкка туруштук бере алышы үчүн, абага бөлүнүп чыккан газдарды азайтуу керек дегенди билдирет. Буга байланыштуу министрлик 2050-жылга чейин Казакстандын аз көмүртектүү өнүгүү концепциясын иштеп чыгууга киришти. Концепцияны жазуу боюнча бул ишти үстүбүздөгү жылдын ортосунда бүтүрүүнү мерчемдеп жатабыз.