Казакстандын Дан бирикмесиндеги серепчилер рынокко болжолун жарыялады

Казакстандын Дан бирикмесиндеги серепчилер рынокко болжолун жарыялады

Казакстанда дан тартыштыгы болбойт. Кургакчылыктын кесепетинен дан эгиндеринин түшүмдүүлүгү олуттуу төмөндөп кеткенине карабастан, өлкөнүн ички рынокту толук камсыздоого мүмкүнчүлүгү жетиштүү. Бул тууралуу Республикалык дан бирикмесинин расмий өкүлү Евгений Карабанов билдирди. Анын айтымында, быйыл Казакстанда дан эгиндеринин жалпы түшүмү 10,5 миллион тоннага жетиши күтүлүүдө. Анын 6 миллион тоннасы ички рыноктун муктаждыктарына жумшалат.

Евгений Карабанов, Республикалык Дан бирикмесинин расмий өкүлү:

- Мындан тышкары, бизде 2,8 миллион тоннага жакын өткөн жылдан калган дан бар. Буга кошумча, Орусия Федерациясынан импорттолот, анын көлөмү 2 миллион тоннаны түзөт деп жатабыз. Ошентип, Казакстан 6,5 миллион тонна дан эквиваленти менен унду экспорттоодо өз позициясын сактап кала алат.

Бүгүнкү күндө дүйнөлүк эгиндин баасы тездик менен өсүүдө. Бааларды Казакстанда кармап туруу да оңой эмес. Буга байланыштуу талдоочулар өндүрүштүн баасынын өсүшүнө таасир этүүчү факторлор боюнча өз пикирлерин билдиришти.

Евгений Карабанов, Республикалык Дан бирикмесинин расмий өкүлү:

- Нандын кымбатташы дан менен ундун кымбаттоо эсебинен гана эмес, аны өндүрүүдө колдонулган башка компоненттердин кымбатташынан да келип чыгууда. Анткени, бир бөлкө нандын баасы ундун баасынын 30%ын гана түзөт. Белгилей кетсек, калган 70% башка чыгымдар жана бул башка керектүү кошумчалар, нан өндүрүү үчүн компоненттер экенин эске алуу керек.

Которгон: Илгиз Жамалбеков