2021-жылы тоо-кен металлургия комплексин жаңыртууга 1 триллион теңгеден ашык каражат багытталган

2021-жылы тоо-кен металлургия комплексин жаңыртууга 1 триллион теңгеден ашык каражат багытталган

Ата мекендик тоо-кен металлургия өнөр жайы терең иштетилген өнүмдү чыгарууга өзгөчө көңүл бурат. Бул тууралуу Индустрия жана инфраструктураны өнүктүрүү вице-министри Адилбек Сарсембаев 11-тоо-металлургиялык конгрессинде билдирди. Чийки зат моделинен терең кайра иштетүүгө өтүү атаандаштыкка жөндөмдүү экспортко багытталган ата мекендик товарларды кеңейтүүгө мүмкүндүк берет. Адистер өндүрүштү санарипке өткөрүү жогорку өндүрүмдүүлүккө жетүүнүн бирден-бир жолу экенин айтышат. Бул санариптик трансформацияны, жасалма интеллектти колдонуу аркылуу өндүрүш жараяндарын көзөмөлдөө жана мониторинг жүргүзүү. Быйылкы жылы эле тоо-металлургия комплексинде жаңы өндүрүштөрдү ачууга жана модернизациялоого 1 триллион теңгеден ашык каражат бөлүнгөн. Бул багытта ресурстарды жана энергияны үнөмдөө саясатын киргизүүгө жана өлкөнүн көмүртек бейтараптуулугун камсыз кылууга басым жасалат.

Адилбек Сарсембаев, РКнын Индустрия жана инфраструктураны өнүктүрүү вице-министри:

- Катуу минералдарды келечек муундар үчүн сактап калуу максатында бүгүнкү күндө пайдалуу кендерди толук өндүрүүгө багытталган жаңы технологияларды колдонуу, энергия чыгымдарын азайтуу зарыл. Курчап турган чөйрөнү коргоо жана сактоо келечекте өнөр жай экономикасынын туруктуу өнүгүүсүнүн маанилүү шарты болуп саналат. Бул үчүн азыртан баштап экономикалык өсүш менен жашыл экономика саясатын ишке ашыруунун ортосунда тең салмактуулукту орнотуу зарыл.

Белгилей кетсек, тоо-кен металлургия комплекси Казакстан экономикасынын кыймылдаткыч күчү болуп саналат. Бул өлкөнүн ИДӨнүн 8,2%ын жана улуттук экспорттун 24%ын түзөт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков