2022-2024-жылдары Казакстандын Улуттук фондунан 6,6 триллион теңге бөлүнөт

2022-2024-жылдары Казакстандын Улуттук фондунан 6,6 триллион теңге бөлүнөт

Казакстандын Улуттук фондунан 2022-2024-жылдары 6,6 триллион теңге бөлүнөт. Каражат пенсияларды төлөөгө жумшалат. Тиешелүү мыйзам долбоору Мажилисте кабыл алынды. Улуттук экономика министри Асет Ергалиевдин айтымында, Улуттук фонддун таза кирешеси көбөйүүдө. Мисалы, келерки жылы 445 миллиард, 2024-жылы 1,5 триллион теңге түшөрү болжолдонууда. Бул дагы Улуттук фонддун валюталык активдерине оң таасирин тийгизет. 2024-жылга чейин алар 61,6 миллиард долларга жетиши мүмкүн. Деген менен 2022-2024-жылдарга республикалык бюджеттин чыгашасы 47 триллион теңгеден ашат. Каражат казакстандыктардын социалдык жыргалчылыгына жумшалат. Тактап айтканда, саламаттык сактоого беш триллион, илимге жети триллион, мугалимдердин жана медицина кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатууга төрт триллион тенгеден ашык каражат бөлүү мерчемделип жатат.

Асет Ергалиев, РКнын Улуттук экономика министри:

- Улуттук фонддон республикалык бюджетке кепилденген трансферттердин суммасын 2022-жылы 2,4 триллион, 2023-жылы 2,2 триллион теңге жана 2024-жылы 2 триллион тенге деп белгилөө сунушталууда. Республикалык бюджеттен кепилденген трансфертти биргелешкен пенсияларды төлөөгө жана мамлекеттик базалык пенсиялык төлөмдөргө багыттоо сунушталат.

Муну менен катар, ушул жылдын тогуз айынын жыйынтыгы боюнча Казакстандын ИДӨнүн өсүшү 3,4%ды түздү. Улуттук банктын башчысы Ерболат Досаевдин айтымында, дүйнөлүк жана улуттук экономиканын мындай тездик менен калыбына келиши фискалдык стимулдаштыруу программаларынын жана жеңил акча-насыя шарттарынын эсебинен мүмкүн болду. Ошол эле учурда, бул факторлор керектөөчүлүк суроо-талаптын калыбына келишине жана дүйнөдө инфляциялык басымдын олуттуу жогорулашына алып келди.

Которгон: Илгиз Жамалбеков