Ата мекендик айыл чарба өнүмдөрүнүн экспорту 2 эсеге көбөйөт

Ата мекендик айыл чарба өнүмдөрүнүн экспорту 2 эсеге көбөйөт

Казакстанда айыл чарба тармагында 582 инвестициялык долбоор ишке ашырылат. Алардын наркы 4 триллион теңгеден ашат. Бул тууралуу 2021-2025-жылдарга өлкөнүн агроөнөр жай комплексин өнүктүрүүнүн улуттук долбоорунун максаттары жана милдеттери боюнча брифинг учурунда айтылды. Айыл чарба министринин айтымында, бул мезгилде тармакта эмгек өндүрүмдүүлүгү эки жарым эсе жогорулашы керек. Ага ылайык, 500 миң жаңы жумуш орундары түзүлөт жана бир миллион айыл эмгекчилеринин кирешеси өсөт. Анын айтымында, ички талапты толук камсыз кыла турган күн алыс эмес. Сырттан алып келинген товарлардын көбү ата мекендик үлгүгө алмаштырылып, импорттон көз карандылык азаят. Бул жаатта Казакстанда жасалган товарлардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу максатында сапатка өзгөчө көңүл бурулат. Бирок экспорт эки эсе көбөйөт.

Ербол Карашөкеев, Казакстандын Айыл чарба министри:

- Бүгүнкү күндө инвестициялык долбоорлордун наркындагы 194 долбоор өндүрүш өсүшүн жана мүмкүн болушунча кошумча экспорт көлөмүн камсыз кылууга мумкүндүк берген кайра иштетүү боюнча жаңы долбоорлор болуп саналат. Бул жалпы көлөм боюнча кайра иштетилген өнүм үлүшүн 70 пайга чейин жеткирүү менен агроөнөр жай комплекси өнүмдөрүнүн экспортун 2 эсеге жогорулатуу тууралуу алдыга коюлган максатка жетүүгө мүмкүндүк берет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков