Айлана-чөйрөнү коргоого 108 миллиард теңге инвестиция багытталды

Айлана-чөйрөнү коргоого 108 миллиард теңге инвестиция багытталды

Айлана-чөйрөгө кам көрүү. Казакстанда жаратылышты коргоо жаатындагы инвестициялардын көлөмү көбөйдү. Жыл башынан бери анын көлөмү болжол менен 108 миллиард теңгеге жетти. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 16,5 пайызга көп. Finprom.kz порталынын маалыматына караганда, аталган көрсөткүч беш жыл катары менен өсүп келүүдө. Капиталдык салымдардын жарымынан көбү Жамбыл жана Актөбе облустарына таандык. Айлана-чөйрөнү коргоого Нур-Султан шаарында жана Атырау облусунда да олуттуу инвестициялар багытталган. Жаратылышты коргоо чараларына эң аз каражат Алматы жана Түркестан облустарында инвестицияланган.

Которгон: Илгиз Жамалбеков