Каржылоонун жаңы мүмкүнчүлүктөрү: каражатты кайда салуу керек?

Каржылоонун жаңы мүмкүнчүлүктөрү: каражатты кайда салуу керек?

Казакстандыктар криптовалюта дүйнөсүн ачып жатышат. Бүгүнкү күндө көптөгөн казакстандыктар аманаттарын санариптик акчага айландырууда. Bitcoin эң популярдуу жана туруктуу санариптик каржылоо катары белгилүү. Бирок реалдуу киреше алуу үчүн сатып алуучулар кеминде 4 жыл күтүүгө туура келет, дешет адистер. Албетте, башка криптовалюталар тездик менен өсүүдө, бирок аларга ишенүү азырынча кооптуураак. Жөнөкөй сөз менен айтканда, эгерде алар бүгүн суроо-талапка ээ болсо, эртең алардын баасы кескин төмөндөп, инвесторлор каражатынан айрылышы мүмкүн.

Гимран Абдрахманов, компаниянын бизнести өнүктүрүү боюнча башкы менеджери:

- Киреше жагын айта турган болсок, бул абдан жагымдуу рынок. Анткени, каржы рыногуна салыштырмалуу киреше жогору. Ошондуктан көбүнчө кызыктуу. Албетте, бул туруксуз жана криптовалютадагы санариптик активге инвестиция салуунун кээ бир тобокелчиликтери бар. Ошондуктан, салган инвестиция адамдын акыркы каражаты болбошу экенин эстен чыгарбоо керек. Башкача айтканда, алар тобокелчиликке бара ала тургандай болушу зарыл.

Дүйнөдөгү санарип акча рыногу жыл сайын өнүгүүдө. Бүгүн анын көлөмү 2 триллион долларды түзөт, ал эми монеталардын саны 12 миңден ашты. Бүгүнкү күндө төрт жүздөн ашуун биржалар бар. Ал эми жөнөкөй адам үчүн бул түшүнүксүз көрүнүш. Аны менен катар, жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн пайда болушу менен бирге шылуундардын да жаңы схемалары пайда боло баштады. Андыктан адистер лицензияланган компанияларга гана таянуу керек деген кеңеш беришет. Лицензиясы бар компаниялардын тизмесин Астана каржы борборунун расмий сайтынан табууга болот.

Айдар Бекназаров, коомпаниянын башкы комплаенс-менеджери:

- Лицензия деген эмне? Бул компанияны комплаенс системасын киргизүүгө жана Астана эл аралык каржы борборунун талаптарын аткарууга милдеттендирген документ. Бул стандарттарга ылайык отчётторду өз убагында тапшыруу. Мунун баары сиздин эртеңки кирешеңиздин таза болушуна кепилдик берет.

Кээ бирлери өз каражатын санариптик акчага айландыргысы келсе, башкалары бизнесин кеңейтүү же жаңы идеяларды ишке ашыруу үчүн акчага муктаж болгон конкреттүү компанияларга инвестиция салууну каалашат. Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө Казакстанда бизнес жүргүзүү үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Мисалы, жетинин айында жаңы платформа ишке кирет. Анда ишкерлер өз иштерин жарыялай алышат. Ал эми инвесторлор аларды каржылоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Бул өлкөдөгү алгачкы интернет-платформа.

Алпамыс Алпыс, компаниянын негиздөөчүсү:

- Биздин максат - сунушту инвесторго мүмкүн болушунча жагымдуу кылуу. Биз инвесторду жоготуп албашыбыз керек. Ал акчасын башка компанияга же депозитке салып койбошу үчүн. Ал бизди тандашы керек. Башкача айтканда, биздин платформаны тандап алган компаниялар инвестор үчүн атаандашат. Ал эми инвесторлор ар кандай компанияларга инвестиция салууга укуктуу. Биздин максат - ар кандай тармактардагы мыкты компанияларды болушунча көбүрөөк сунуштоо.

Бүгүнкү күндө жаңы платформага өздөрүн жайгаштырууну мерчемдеп жаткан компаниялар жетиштүү, дейт Алпамыс Алпыс. Сайт ушул жылы ишке кирет, башкача айтканда, компаниялар 2022-жылдын башында биринчи келишимдерин түзө баштайт. Мында стартап идеяларына ишенген ар бир адам бул жерде инвестор боло алат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков