Казакстан менен Түштүк Кореянын соода-алмашуусу 700 млн доллардан ашты

Казакстан менен Түштүк Кореянын соода-алмашуусу 700 млн доллардан ашты

Казакстан менен Түштүк Кореянын ортосундагы товар жүгүртүү 2021-жылдын 5 айында 700 млн доллардан ашты. Алдыда эки өлкөнүн өкмөтү жана ишкерлери соода жүгүртүүнү бир нече эсеге көбөйтүүнү пландап жатышат. Белгилей кетсек, Корея Казакстандын эң ири беш соода өнөктөштөрүнүн бири. Бүгүнкү күндө республика Күн Чыгыш өлкөсүнө мунай жана мунай өнүмдөрүн, ферро эритмелер, титан жана болот өнүмдөрүн экспорттойт. Ал эми Кореядан Казакстанга автоунаа, трактордун тетиктери, унаалар, косметикалык каражаттар жана башка товарлар алып келинет. Белгилей кетсек, Корея Республикасы Казакстандагы ири 10 инвестордун катарына кирет. Кореянын Казакстанга салган инвестициясы 6 миллиард доллардан ашат.

Айбек Сағынаев, «QazTrade» АК долбоорлорду өнүктүрүү департаментинин мүдүрү:

- Бул унаа жасоо, курал-жабдык жасоо жана металлургия сыяктуу металлды көп талап кылган тармактар. Казакстан менен Корея Казакстандын аймагында өндүрүштү локалдаштырууну өнүктүрүү боюнча кызматташууну кеңейте алат. Бул жаатта бир нече долбоорлор бар, мисалы, автоунаа өнөр жайы үчүн алюминийден жасалган буюмдарды чыгаруу.

Которгон: Илгиз Жамалбеков