Moody's Казакстандын насыялык рейтингин көтөрдү

Moody's Казакстандын насыялык рейтингин көтөрдү

Moody's Казакстандын насыялык рейтингин «позитивдүү» болжолунан «туруктууга» чейин көтөрдү. Рейтингдин жогорулашы Казакстандын мамлекеттик каржы жана насыялык профилинин туруктуулугуна байланыштуу болду. Буга катар, бул көрсөткүч Baa2 рейтинги деңгээлиндеги мамлекеттер менен шайкеш келет. Moody's өлкөнүн контрциклдик бюджет саясатын жүргүзүү натыйжалуулугун оң баалады. Агенттик Казакстандын экономикасы 2021-жылы 3,5-4%га жана 2022-жылы 4-4,5%га өсөт деп болжолдойт. Moody'sтин баалоосу боюнча, Казакстанда экономикалык реформалар мамлекеттик башкаруу системасын күчөтүп, инвестициялык жагымдуулугун жогорулатат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков