Казакстан жана ШКУ: Соода-алмашуунун өнүгүшү

Казакстан жана ШКУ: Соода-алмашуунун өнүгүшү

Үстүбүздөгү жылдын 4 айынын жыйынтыгы боюнча Казакстан менен ШКУга мүчө мамлекеттердин ортосундагы товар жүгүртүү 14 миллиард доллардан ашты.

Айта кетсек, республиканын премьер-министринин сайтына ылайык, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 11%га көп. Анда тараптардын өз ара соодасы дээрлик 13 миллиард АКШ долларына жеткен. Маалымат булагына таянсак, Шанхай Кызматташтык Уюмуна кирген өлкөлөрдүн ички экспортту жогорулатуу дарамети жыл сайын өсүүдө. Бүгүнкү күндө химия жана тамак-аш өнөр жайы, унаа жасоо жана экономиканын башка өндүрүш тармактарында АКШ валютасында 2 миллиард долларды түзөт. Белгилей кетсек, муну сайтта көрсөтүлгөн статистика далилдеп турат.

Казакстан менен Өзбекстандын ортосундагы товар жүгүртүү 2021-жылдын үчтүн айы - чын куран айларында 1,2 миллиард долларды түздү, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 41% га жогору. Тажикстан менен өз ара сооданын көрсөткүчү да бир топ өстү. Ал 17% га жогорулап, АКШ долларында 335,9 миллион долларды түздү. Жалпысынан, 2020-жылы Казакстан менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы товар жүгүртүү 4,6 миллиард долларга жетти.

Маалыматка ылайык, Казакстан өз кезегинде Уюмдун өнөктөштөрүнө бир топ демилгелерди көтөрүп чыккан. Бул жеткирилген товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн багытын кеңейтүү, бизнес чөйрөлөрдүн ортосунда түз байланыштарды түзүү, ошондой эле чек арадагы санариптик инфраструктураны өнүктүрүү, анын ичинде электрондук соода, сооданы каржылоо жана маалымат алмашуу.

Которгон: Илгиз Жамалбеков