Адистин пикири: Казакстанда инфляция басаңдайт

Адистин пикири: Казакстанда инфляция басаңдайт

Казакстанда инфляция жыл аягына чейин 7 пайызга чейин басаңдайт. Мындай божомолду Евразия өнүктүрүү банкынын серепчилери жасап жатышат. Алардын айтымында, экинчи чейректе өлкөнүн экономикасы пандемияга чейинки деңгээлге жеткен. Ыкчам өсүш инфляциянын өсүшүнө өбөлгө түзүүдө деп билдирет Банктын өлкөнү талдоо боюнча борборунун башчысы Алексей Кузнецов.

Анын божомолу боюнча, Казакстанда инфляция жылдын экинчи жарымында басаңдайт. Бул мезгил ичинде теңгенин долларга карата курсу бир долларга орточо 423 теңге деңгээлинде болот. Ал эми жылдын аягында экономикалык өсүш 4 пайызга жетиши мүмкүн. Бул божомолдор дагы өзгөрүшү ыктымал. Биринчи кезекте ал эпидемиологиялык абалдын начарлашы менен байланыштуу. Ал эми сырткы факторлордон, АКШнын акча-насыя саясатынын катуулашы сыяктуу факторлор өз таасирин тийгиши мүмкүн, - дейт банк өкүлү.

Алексей Кузнецов, Евразия өнүктүрүү банкынын мамлекеттик талдоо борборунун жетекчиси:

- Эгерде бул коркунучтар пайда болсо, биз өнүгүп келе жаткан экономикаларга терс таасирин көрөбүз. Тышкы капиталдын агымы орун алып, улуттук валюта алсырайт, ички пайыздык чендер жогорулайт. Мындай учурда Улуттук банктын пайыздык чендерди көтөрүү тууралуу чечими ички валюта рыногун тең салмакташтырууга жардам берет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков