Азия Өнүктүрүү Банкы: казакстан экономикасы 2021-жылы 3,4% өсөт

Азия Өнүктүрүү Банкы: казакстан экономикасы 2021-жылы 3,4% өсөт

Быйыл Казакстан экономикасында өсүш күтүлөт. Азия Өнүктүрүү Банкы өз божомолун жакшыртты. Серепчилер ички дүң өнүм 3,4% өсөрүн күтүп жатат. Талдоочулардын айтымында, өсүшкө бир катар факторлор таасир этет. Анын ичинде пандемияга байланыштуу чектөөлөрдү алуу, мунайдын жогорку баасы жана албетте ОПЕК+ алкагында «кара алтынды» өндүрүүнү көбөйтүү өз таасирин тийгизмекчи. Серепчилер белгилегендей, өлкөнүн ички дүн өнүмү үчтүн айы – бугу айында 1,6% өскөн, андан улам керектөөчүлүк активдүүлүк калыбына келгени байкалган. Жалпысынан машина куруу, жеңил өнөр жай, курулуш тармагы өсүш көрсөткөн. Биринчи 5 айда инвестиция төрттөн бир эсеге өскөн. Серепте белгиленгендей, Казакстан экономикасынын 2022-жылдагы өсүшү 3,5% деңгээлде сакталат.

Ал эми Борбордук Азиядагы ички дүң өнүм жөнүндө айтсак, ал жакта дагы жалган куран айындагы божомолго салыштырмалуу 3,6% чейин жакшыруу болот.