Ички туризм Казакстанда бир жылда 10% көбөйдү

Ички туризм Казакстанда бир жылда 10% көбөйдү

Ички туризм өнүгүүнүн кыймылдаткычы болууда. Казакстандыктар улам барган сайын чет өлкөлүк көл жээктерине караганда өз мекенинде эс алууну тандап жатат. Тармак өткөн жылга салыштырмалуу 10 жарым пайызга өскөн. Эгерде сан менен айтсак, демек, 930 миң казакстандык өз өлкөсүндө эс алууну артык көрүшкөн. Мындай маалыматты ranking.kz маалымат порталы келтирген.

Эс алуучулардын агымы көбөйгөнүнө карабай, казакстандык турбазаларда мейманканалар менен конок үйлөрдө орун жетиштүү. Ошол эле учурда аймактарда керебет орундардын орточо баасы 8 миңден 8,5 теңгеге чейин өскөн. Эң кымбат мейманканалар Мангыстау облусунда, Алматы жана Нур-Султан шаарларында – ал жактарда бир керебет орундар 11,5 миңден 12 миң тенгеге чейин болуп жатат. Конок үйлөргө жайгашуу Актөбө, Чыгыш-Казакстан жана Костонай облустарында бир топ арзан турат.