А. Мамин: «Жөнөкөй заттар экономикасы» программасы натыйжалуулугун далилдеди

«Жөнөкөй заттар экономикасы» программасы ата мекендик өндүрүштү өнүктүрүүнүн инвестициялык куралы катары өзүнүн натыйжалуулугун далилдеди. Буга байланыштуу Мамлекет башчысынын тапшырмасына ылайык, программаны каржылоонун жалпы көлөмү 1 триллион теңгеге чейин көбөйтүлдү. Бул тууралуу премьер-министр Аскар Мамин өкмөттүн жыйынында билдирди.

АСКАР МАМИН, КАЗАКСТАНДЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ:

- Пандемияга карабастан долбоорлордун саны 900дөн 2600гө чейин көбөйдү. 2,5 эсеге өскөнүн көрүп жатабыз. Ал эми алардын суммасы 3,5 эсеге артып, 216 миллиард теңгеден 700 миллиард теңгеге чейин өстү.

Аны менен катар, жолугушуунун жүрүшүндө казакстандыктардын ата мекендик өнүмгө болгон кызыгуусу жогорулаганы да белгиленди. Өндүрүш көлөмү 2,5 пайызга көбөйгөн. Калктын суроо-талабына ээ болгон ата мекендик товарлардын негизги бөлүгү азык-түлүк, эмерек, курулуш материалдары жана кийим-кечек болуп саналат. Буга байланыштуу импорттун үлүшү төмөндөйт.

АСКАР МАМИН, КАЗАКСТАНДЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ:

- Ата мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоо боюнча натыйжалуу чаралар иштелип чыкты. Анын натыйжасында жергиликтүү камтылгандардын үлүшү өткөн жылга салыштырмалуу эки эсеге көбөйүп, 1,5 миңден ашуун ата мекендик ишкананы колдоого мүмкүнчүлүк берди. Өнүмдү сатып алууда жергиликтүү ишканалардын өсүш темпи жогору. Аларды атап өтөй турган болсок, жеңил өнөр жай өнүмдөрүн 38 пайыздан 68% чейин, эмерек буюмдары 39 пайыздан 71% чейин, тамак-аш азыктары 41 пайыздан 74% чейин, курулуш материалдары 34 пайыздан 71% чейин өстү. 

Премьер-министр бир ай убакыттын ичинде шыктандырууга, анын ичинде мамлекет тарабынан кепилдик көлөмүн көбөйтүүнү көздөгөн «жөнөкөй заттар экономикасы» жеңилдетилген насыя берүү программасына толуктоолордун жетинчи топтомун иштеп чыгууну тапшырды.