Аптаптуу ысык жана кургакчылык: Казакстандык товар өндүрүүчүлөр эмнени күтөт

Аптап ыстық пен құрғақшылық
massaget.kz

Глобалдык жылуулуктун кесепеттери. Суунун тартыштыгы, анын ичинде кургакчылык COVID пандемиясынын дүйнөгө тийгизген таасиринен алда канча оор болушу мүмкүн. Бул БУУнун серепчилеринин божомолу. Алардын айтымында, глобалдык температуранын көтөрүлүшү кырдаалды курчутууда. Бүгүнкү күндө бул көйгөй Казакстанды кыйгап өткөн жок. Акыркы жылдары, климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу 1 айда жаай турган жаан-чачындын көлөмү 2 күндө түшөт. Мындай климаттын өзгөрүшү адатта өлкө экономикасынын бардык тармактарына, анын ичинде айыл чарбасына да таасирин тийгизет.

Лаура Маликова, Тажрыйбалуу экологдор бирикмесинин башкарма төрагасы:

- Азыркы учурда Казакстандагы айыл чарба жерлеринин жана жайыттардын 20% жараксыз. БУУнун өкүлдөрү кургакчылык дагы бир пандемияга айланып кетиши мүмкүн деген коңгуроо кагууда. Бул албетте, өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугуна, айыл чарбасына жана агроөнөр жай комплексине коркунуч келтирет.

Бириккен Улуттар Уюмунун маалыматы боюнча, кургакчылык соңку 20 жылга жетпеген убакыттын ичинде кеминде 124 миллиард долларлык экономикалык зыян келтирген. Бул жаатта бир жарым миллиарддан ашуун адам жапа чеккен. Казакстандык метеорологдор да канааттандырарлык эмес божомолдорду билдиришүүдө. Өлкөнүн бир катар аймактарында ушул айда катуу ысык болуп, жыйынтыгында кургакчылыкка алып келиши мүмкүн.

Ерболат Муканов «Казгидромет» РМК башкарма башчысы:

- Болжолдоолорго ылайык, Актөбе, Костанай, Мангыстау облустарынын айрым аймактарында, ошондой эле Чыгыш Казакстан жана Акмола облустарында кургакчылык күтүлөт. Негизинен быйыл температура жогору болуп, жаан-чачын аз болот.

Жалпысынан мындай оор кырдаалдан чыгуунун жолу бар. Бирок, ата мекендик экологдор маселенин чечимин табуу үчүн азыртан аракет кылуу керек дешет.

Лаура Маликова, Тажрыйбалуу экологдор бирикмесинин башкарма төрагасы:

- Биз бодо мал жана майда жандык (кой) үчүн жайыттардын болушун камсыз кылышыбыз керек. Ал үчүн белгилүү бир эрежелерди сактоо зарыл. Ошондой эле регенеративдүү айыл чарбасына өтүшүбүз шарт. Бул үчүн кандайдыр бир экологиялык чараларга ишенич аз. Жерди пайдалануу жана жер төлөмдөрү планына кандайдыр бир өзгөртүүлөр керек.

Бириккен Улуттар Уюмунун маалыматы боюнча, алдыдагы жүз жылда Африка, Борбордук жана Түштүк Америка, Борбордук Азия, Австралиянын түштүгүндө, Европа, Мексика жана АКШнын көптөгөн аймактарында катуу кургакчылык күтүлөт. Ошондуктан адистер дүйнөлүк коомчулукту глобалдык жылуулуктун кесепеттерине көбүрөөк көңүл бурууга чакырат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков

×