Атайын экономикалык аймак: экспорттук дарамет

арнайы техника
sputnik.kz

Экспортко багытталган атайын жабдууларды өндүрүү. «Астана жаңы шаар» атайын экономикалык аймагында чогултулган транспорттор коңшу өлкөлөргө жеткирилет. Ишкана коммуналдык кызматтар жана курулуш тармактарына арналган техника жабдууларын кураштырат. Быйыл автоунаа шасси өндүрүшүнүн жаңы линиясы ишке киргизилди. Долбоордун жалпы наркы 1 миллиард теңгеден ашат. Завод жылына 6 миң тонна металл конструкцияларын чыгарат жана 232 бирдик атайын автоунааларды чогултат.

Бакытжан Досказиев, «Астана-Технополис» атайын экономикалык аймак башкармалыгынын төрагасы:

- Бул заводдун келечеги чоң. Завод италиялык бренд. Бул завод коммуналдык техника чыгарган дүйнөдөгү эң ири бренддердин бири. Алардын аты менен чыгарат. Азыр сапаттуу товарлар Орусияда жана коңшу мамлекеттерде суроо-талапка ээ.

Жакында өндүрүш жолуна чыккан Казакстандын сэндвич-панелдери да тышкы рынокторду багындырууга ниеттенүүдө. Казакстандык завод тышкы рыноктордо атаандаштыкка туруштук берет. Өндүрүш толугу менен автоматташтырылган. Өлкөдө теңдеши жок уникалдуу тармак жылына бир миллион чарчы метр өнүм чыгарууга жөндөмдүү. 100 пайыз ата мекендик өнүм, жергиликтүү чийки зат гана колдонулат.

Руслан Түсипбеков, ишкананын мүдүрү:

- Азыр экспорт боюнча кызыгуучулук таанытып жатат. Мисалы, болоттун баасы кошуна Орусияда кымбаттады. Биздин металлдын баасынан айырмачылык көп. Бул өнүмдүн негизги чийки заты болуп саналат. Бул сапат арзан түшөт. Ошондуктан суроо-талап бар.

Белгилей кетсек, өткөн жылы «Астана Жаңы Шаар» атайын экономикалык аймагында жайгашкан өндүрүш ишканаларынын жалпы экспорту эки эсеге көбөйгөн. Быйыл дагы бул көрсөткүчтү эки эсеге көбөйтүү мерчемделүүдө.

Которгон: Илгиз Жамалбеков

×