Казакстанда ипотекалык насыялардын көлөмү көбөйдү

 ипотека
egemen.kz

Чын куран айынын аягында Казакстанда ипотека портфелинин көлөмү 2 триллион 450 миллиард теңгени түздү. Башкача айтканда, бир жылдын ичинде ал 32 пайызга көбөйгөн. Бул тууралуу Ranking.kz порталы жазды. Каржы рыногун жөнгө салуу жана өнүктүрүү агенттигинин маалыматына ылайык, 2019-2020-жылдары банктардын ипотекалык портфелинин өсүү темпи 30 пайыздан ашык деңгээлинде болгон. Өлкөдө ипотекалык насыялоону өнүктүрүүнүн драйвери «Нурлы Жер», «7-20-25» жана башка да мамлекеттик программалар, ошондой эле, «Баспана Хит» рыногундагы ипотекалык өнүм болду. Казакстанда жарандардын бардык категориялары үчүн жеңилдетилген программалар бара, аны менен катар, социалдык жактан аялуу топтор үчүн атайын насыялоо долбоорлору да каралган. Өлкөдө жеңилдетилген насыялар боюнча белгиленген пайыздык чендердин өлчөмү насыя мезгилинде өзгөрбөйт. Ошондой эле, бул Улуттук банктын базалык ченинен төмөн. 2021-жылы Казакстан турак жайга жеткиликтүүлүк рейтингинде 35-орунга көтөрүлгөн, ал эми бир жыл мурун 47-орунду ээлеген.

Которгон: Илгиз Жамалбеков

×