Казакстандын агроөнөр жай комплекси ЕАЭБ өлкөлөрү арасында эң чоң өсүштү көрсөттү

АӨК
24.kz

Казакстандын агроөнөр жай комплекси алдыңкы орунду ээлеп, өткөн жылдын аягында ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ичинен эң чоң өсүштү көрсөттү. Бул тууралуу Казакстандын айыл чарба министри Сапархан Омаров билдирди. Анын айтымында, бардык макро көрсөткүчтөрдө оң динамика байкалууда: ички дүң өнүмдүн көлөмү дээрлик 6%га көбөйүп, 6,3 триллион теңгени түздү. Евразиялык экономикалык биримдиктин бир дагы өлкөсү мындай натыйжага жетише элек.

Ошол эле учурда, Казакстанда азык-түлүк өндүрүү 4%га жогорулап, бул тармакка инвестициялардын агымы 15%га, кайра иштетилген айыл чарба өнүмдөрүнүн экспорту 22%га өстү. Белгилей кетсек, Британиянын глобалдык азык-түлүк коопсуздугу рейтинги боюнча Казакстан бир эле маалда 16 позицияга көтөрүлүп, 113 мамлекеттин ичинен 32-орунду ээлеген.

Которгон: Илгиз Жамалбеков

×