Казакстан өнүктүрүү банкынын долбоорлору: чийки зат эмес тармакты колдоо

Даму банкі
www.kdb.kz

Чийки зат эмес тармакты жана экспортко багытталган ишканаларды колдоо, өлкөдөгү инвестициялык климатты жакшыртуу жана инфраструктуралык долбоорлорду каржылоо. Бул Казакстандын Өнүктүрүү Банкынын башкы милдеттери. Быйыл өлкөнүн көз карандысыздыгынын отуз жылдыгы белгиленсе, Улуттук Каржы Институту үчүн да быйыл мааракелик жыл. Түзүлгөнүнө 20 жыл болгон банк бул убакыт аралыгында экономиканын стратегиялык багыттарын колдоп келет. Каржыланган долбоорлор менен инвестициялык программалардын жалпы суммасы 3,7 триллион теңгеден ашты. Бул болжол менен 149 инвестициялык долбоор жана 107 экспорттук операция. Аны менен катар, банктын колдоосу менен 122 ишкана ишке берилип, модернизацияланган.

Жанат Аңсаганова, Казакстан өнүктүрүү банкынын насыялык талдоо жана мамилелерди түзүү департаментинин мүдүрү:

- Казакстандын Өнүктүрүү Банкынын катышуусу менен каржыланган ишканалар 3,3 триллион теңгелик өнүм чыгарды. Бул сандар эмнени билдирерин түшүнүү үчүн аларды ИДӨгө салыштырууга болот жана бул Казакстандын ИДӨнүн 5 пайызын түзөт. Биз экспорттук операцияларды каржылоонун аркасында бул жылдар аралыгында 2 триллион теңгелик өнүмдү экспорттоону стимулдаштырдык. Бул Казакстандын ИДӨнүн болжол менен 3 пайызын түзөт. Бүгүнкү күндө каржы институту тарабынан каржыланган ишканаларда 30 миңге жакын жумушчу орундары түзүлдү.

Өнүктүрүү банкы кайра иштетүү өнөр жайын жана инфраструктурасын түзүү стратегиясын жүргүзүүгө ниеттенүүдө. 2023-жылга чейин бул тармактарга 4,4 триллион теңгеге чейин инвестиция салуу мерчемделген. Буга кошумча, Казакстандын Өнүктүрүү Банкы жеке ишкерлер менен кызматташууну бекемдөөнү жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун жигердүү колдоону көздөп жатат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков

×