2020-жылы экономиканын реалдуу сектору 2%га өстү

 экономика
www.inform.kz

2020-жылы Казакстандын экономикасынын реалдуу сектору 2%га өстү. Бул Covid-19 менен байланышкан катуу чектөө чараларына карабастан мүмкүн болду. Бул тууралуу бүгүн Мажилистин пленардык жыйынында Өкмөттүн 2020-жылга республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчётун талкуулоо учурунда Каржы министри Ерулан Жамаубаев билдирди. Анын айтымында, бюджеттин басымдуу багыттары өзгөчө кырдаал мезгилинде жарандарды жана реалдуу секторду колдоого, ишкердик активдүүлүктү сактоо боюнча иш-чараларга жумшалды.

Ерулан Жамаубаев, Казакстандын Каржы министри:

- Экономикалык өсүштү калыбына келтирүүнүн комплекстүү планы кабыл алынды. Жабыр тарткан аймактардагы 700 миңге жакын ишкер салыктык шыктандыруу жана жеңилдиктер менен камтылды. Чакан жана орто бизнес насыялары жеңилдетилген шартта кайрадан каржыландырылды. 40 миңге жакын долбоорго жеңилдетилген насыя берилди. Жапа чеккен тармактарда насыя алуучулардын 80 пайызы насыяларды төлөөнү кийинкиге калтыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Бул чаралар жумуш менен камсыз кылуунун жана ишкердүүлүктүн сакталышына өбөлгө болду.

Тармактын башчысы бюджеттин кирешелери 100,3%га аткарылып, 12 триллион 49 миллиард теңгени түзгөнүн айтты. Мындан тышкары, социалдык чыгымдар 2019-жылга салыштырмалуу көбөйүп, 6,6 триллион теңгени түзгөн. Министр белгилегендей, бул жалпы республикалык бюджеттин 47% түзөт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков

×