Серепчилер Казакстан экономикасынын өсүшүн күтүүдө

 экономика
kaz.365info.kz

Талдоочулар Казакстанда ишкердик жигердүүлүк жогорулайт деп божомолдошууда. Алардын маалыматтары боюнча, быйыл экспорт кеминде 20%га өсүп, анын көлөмү 56 миллиард доллардан ашат. Бул Казакстандын металл, газ, уран, дан, ошондой эле, мунай сыяктуу экспорттук товарлар баасынын кымбаттоосуна байланыштуу болот.

Белгилей кетсек, акыркы жумаларда «Brent» маркалуу кара алтындын баррели 70 доллардан жогору сатылып жатат. Улуттук банктын маалыматына ылайык, өндүрүш корунун көбөйгөндүгүнө байланыштуу баалар төмөндөйт. Каржылык жөнгө салуучунун негизги жаңы сценарийинде «Brent» баррелинин баасы 60 доллар деңгээлинде көрсөтүлгөн. Эгер ушул деңгээл сакталса, серепчилер быйыл экономика болжол менен 4%га өсөт жана 2022-жылы өсүү мындан ары дагы улана берет деп күтүп жатышат. Бул жаатта Казакстандын төлөм балансынын таңсыктыгы эки эсеге кыскарат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков

×