ЕАЭБ: үчүнчү өлкөлөр менен кызматташтык

ЕАЭО
www.if24.ru

Евразиялык экономикалык биримдиги менен Иран жана Индия мамлекеттери менен эркин соода аймагын түзүү жолдору Санкт-Петербург эл аралык форумунда талкууланды. 2020-жылы биримдик менен Ирандын ортосундагы соода алмашуу 18,5 пайызга өсүп, 3 миллиард долларга жеткен. Ал эми быйылкы жылдын биринчи кварталында биримдиктин Иранга экспорту 43,5 пайызга арткан. Талдоочулар ири инфраструктуралык долбоорлорго дагы көңүл бурушту. Тактап айтканда, Түндүк-Түштүк транспорттук коридорун өнүктүрүү маселеси каралды.

Кайрат Келимбетов, «Астана» эл аралык каржы борборунун башкаруучусу:

- Биз ар кандай соода жолдорун бириктирүүчү ролду ойнойбуз. Биз үчүн экономикабыздын ар тараптуу болуп, ар кандай тармактар менен байланышта болгондугу маанилүү. Мисалы, Европа Биримдиги, Кытай жана Евразиялык экономикалык биримдиги менен. Мунун бардыгы өлкөнү өнүктүрүүгө жана чийки зат эмес экспортун көбөйтүүгө мүмкүндүк берет. Бул биздин негизги стратегиябыз.

Которгон: Илгиз Жамалбеков

 

×