Казакстандын өндүрүш өнөр жайы өсүүдө

қара метал
inbusiness.kz

Быйыл Казакстанда кара металлдарды иштетүүчү алты долбоор башталат. Алар Шымкент, Караганды, Жамбыл жана Чыгыш Казакстан облустарында пайда болот. Бул тууралуу Өнөр жай жана инфраструктураны өнүктүрүү министри Бейбит Атамкулов брифингде билдирди. Анын айтымында, аталган долбоорлорду ишке ашыруу менен металлдан жасалган буюмдарды, анын ичинде феррокэритмелерди, курулуш арматураларын жана болот ширетилген темир түтүктөрдү өндүрүү көлөмүн көбөйтүүгө мүмкүндүк берет. Жалпысынан, 2021-жылы өндүрүш тармагы 6 пайызга өсөт деп болжолдонууда. Ошондой эле, тармак башчысы өлкөдө химия өнөр жайы тармагында үч жаңы долбоор ишке берилгендигин билдирди.

Бейбит Атамкулов, РКнын Индустрия жана инфраструктуралык өнүктүрүү министри:

Химия өнөр жайында тармактын ири ишканаларынын өндүрүшүнүн көбөйүшүнүн эсебинен физикалык көлөмдүн индекси 102 пайыз деңгээлинде болжолдонууда, алардын үлүшү 57 пайызды түзөт. Биз фосфор жер семирткичтерин өндүрүү көлөмүн 16%га, аммофосту 15%га, аммиак селитрасын 10%га жана хром кошулмаларын 13%га көбөйтүүнү мерчемдеп жатабыз.

Бейбит Атамкуловдун айтымында, атайын экономикалык аймактарда түзүлгөн шарттар өлкөнүн бардык тармактарынын өнүгүшүнө оң таасирин тийгизет. Жыл башынан бери ал жерде 285 миллиард теңге суммасына 9 долбоор ишке ашырылды. Алар өлкөдө IT-өнүмдөр, ошондой эле, текстиль жана медициналык буюмдарды өндүрүүнү жолго коюуга мүмкүндүк берди.

Бейбит Атамкулов, РКнын Индустрия жана инфраструктуралык өнүктүрүү министри:

Азыркы учурда биз Мамлекет башчысынын тапшырмасы менен атайын экономикалык аймак натыйжалуулугун жогорулатуу жолдорун иштеп жатабыз. Ата мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоого өзгөчө көңүл бурулат. Жергиликтүү камтууну андан ары өнүктүрүүнүн жолдору өркүндөтүлүп жатат. Бул үчүн тиешелүү мыйзамдык түзөтүүлөр иштелип чыгууда. Жер казынасын пайдалануучулар менен сатып алууларда жергиликтүү камтуу үлүшүнүн минималдуу деңгээлинин талаптарын сактоо боюнча ыктыярдуу келишимдер түзүлөт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков

×