Казакстан менен Корея биргелешип спутниктерди чыгарууну көздөшүүдө

Қазақстан мен Корея

Сеул жана Нур-Султан биргелешип жерди аралыктан зонддоо спутниктерин чыгарууну мерчемдөөдө.

Белгилей кетүүчү жагдай, эки тараптуу кызматташуунун дагы бир жаңы багыты - бул космос мейкиндиги. Өз кезегинде, жерди аралыктан зонддой турган 18 KazEOSat спутниктерин топтоштурууну көздөөдө. Ал эми жакында Корея Байконурдан өзүнүн аппаратын жөнөттү, анын негизги бөлүктөрү Күн Чыгыш өлкөсүндө жасалган.

Малик Олжабеков, Санариптик өнүктүрүү, инновациялар жана космос өнөр жай министрлиги комитети төрагасынын орун басары:

- Биз кореялык компаниялардын бул долбоорго тетиктерди жеткирүүчү катары гана эмес, биргелешип инвестиция жасашын каалайбыз. Сатрек компаниясы спутниктерди космостук аппараттардан байкоо жүргүзүү менен белгилүү. Эки мамлекеттин дарамети жана тажрыйбасын айкалыштырып, дүйнөлүк рынокко гео-маалыматтык өнүмдөр менен чыгуу мүмкүнчүлүгү бар. Биринчи кадам аралыктан зонддоо сүрөттөрүн иштетүү боюнча тажрыйба алмашуу болот. Экинчи кадам – өнөктөштөрдү өнөр жай кызматташтыгына чакырабыз. Кореялык компаниялар авионика, пайдалуу жүк, оптика өндүрүшүндө абдан күчтүү. Ал эми бизде борттогу компьютерлер, ар кандай сенсорлор жана кызмат көрсөтүү тутумдары боюнча жакшы тажрыйба бар.

Ошол эле учурда, эки тарап энергетика жана минералдык ресурстар боюнча кызматташууну кеңейтүүнү көздөп жатышат. Казакстан менен Кореянын өкүлдөрү Шымкентте базалык май чыгаруучу заводдун курулушу, өлкөдө газ кую станцияларын куруу долбоорлорун арттыруу боюнча биргелешкен долбоорлор менен бирге, атом энергетикасы жана металлургия жаатындагы кызматташтыктын келечегин талкуулашты.

Далида Алдабергенова, Казакстан улуттук атом компаниясынын бөлүм башчысы:

- 15 жыл ичинде Казакстан менен Корея өзөктүк энергетика жаатында бекем өнөктөштүк мамилелерди түздү. Акыркы келишим үчтүн айынын 20да түзүлүп, жалган куран айынын 20да ийгиликтүү аткарылды. Ошондой эле, биздин туунду компаниябыз жана KHNP ортосунда 2025-жылдан 2029-жылга чейин уран жеткирүү боюнча узак мөөнөттүү келишим түзүлгөн.

Хан Сын Хун, кореялык компания мүдүрүнүн орун басары:

100 миң тонна ферросилиций чыгаруучу завод куруу долбоору каралып жатат. Бул металлургия тармагы үчүн маанилүү чийки зат. Кардар менен сүйлөшүүлөрдү 3 жыл мурун баштаганбыз жана ушул күнгө чейин талкуулоону улантып келдик. Натыйжада, өткөн жылы жетинин айында пандемияга карабастан, Казакстан жана Корея өкмөттөрүнүн аркасында 10 адамдан турган делегация келип, долбоор түзүү боюнча келишимге кол коюшту. Азыркы учурда негизги дизайны каралып жатат.

Кулжа айынын ортосунда биздин 10го жакын кызматкер Казакстанга долбоорду талкуулоо үчүн барышат.

Эки өлкө алдыдагы убакытта токой чарбасы, агроөнөр жай комплекси жана суу менен камсыздоону санариптештирүү жаатында өз ара тажрыйба алмашууга ниеттенүүдө.

Которгон: Илгиз Жамалбеков

×