Бизнес Акыйкатчысы кимдерге артыкчылык бериле турганын түшүндүрдү

Бизнес-омбуд
finclub.net

Пандемия учурунда миллионго жакын компания жабыр тартты. Алардын 60 пайызынын кирешеси төмөндөгөн. 174 миңден ашуун жеке ишкер өз бизнестерин жабышты. Бул тууралуу ишкерлердин укуктарын коргоо боюнча комиссары Рустам Жүрсүнов билдирди. Анын айтымында, катуу соккуга тейлөө тармагы туш болду. Анын маалыматы боюнча, бул тармакта 800 миңден ашуун ишкер алектенген. Бул чекене соода, транспорт, мейманкана бизнеси, коомдук тамактануу, көңүл ачуу жана эс алуу. Бизнес Акыйкатчысы насыяны кийинкиге калтыруу мүмкүнчүлүгүнөн жапа чеккен тармактардын өкүлдөрү дагы деле пайдалана ала тургандыгын билдирди.

Эске салсак, өткөн жылы эле мындай жардам 18 миңден ашуун казакстандык ишкерге көрсөтүлгөн. Сегиз пайыздык чен менен жеңилдетилген насыя берүү программасынын алкагында 387 миллиард теңгенин үч миңден ашуун насыя берилди.

«Бүгүнкү күндө колдоо чарасы экономикалык иштин 346 түрүн камтыйт. Насыянын мөөнөтүн узартуу үчүн кредиттик мекемеге кайрылуу керек. Муну электрондук почта, мобилдик тиркеме аркылуу 2021-жылдын кулжа айынын 30на чейин жасоого болот. Орто бизнес ишканалары арыздан тышкары, алардын каржылык абалынын начарлашын тастыктаган документтерин тиркеши керек», - деп белгиледи Ишкерлердин укуктарын коргоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Рустам Жүрсүнов.

Которгон: Илгиз Жамалбеков

×